• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушталды

2 Аяк оона 202413:09 Бишкек Govori.TV

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мекеме «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт, ага ылайык, Кыргызстандын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбеши зарыл:

  • чет мамлекеттердин саясий партияларынын, ошондой эле алардын бөлүмдөрүнүн түзүлүшү жана иши;
  • диний негизде саясий партияларды түзүү, ошондой эле саясий партиялардын диний ишмердүүлүккө катышуусу.
  • шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жана партиянын атынан тике жана кыйыр алынган же диний темаларга шилтемелерди камтыган маалыматтарды (сүрөттөрдү) көрсөтүүгө жана башка түрдө пайдаланууга жол берилбейт;
  • саясий партиялардын ишин чет мамлекеттер, чет өлкөлүк партиялар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле диний ишмердиктин субъекттери тарабынан каржылоого тыюу салынат.

Мындан тышкары, Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин 127-1-берене менен толуктоону сунуштайт. Анда коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынаары жазылган.

Ошондой эле документе жазылгандай, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салынат.

Эреже бузган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Количество просмотров: 310