• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда бир суткада 5 өрт кырсыгы катталды

5 Баш оона 2022 10:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган 2 кабаттуу турак үйдүн 114 чарчы метр аянты жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган мончонун 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.

Количество просмотров: 199