• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда COVID-19га каршы калктын 19% эмдөөдөн өттү

11 Бугу 202212:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда максаттуу топтун 65%ы COVID-19га каршы эмдөө алды, бул калктын жалпы санынын 19%ын түзөт. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын кору бар.

“Кыргызстанда 6 млн дозага жакын вакцина келген, анын ичинен 3 млн дозасы колдонулду. COVID-19га каршы эмдөө уланууда, бул үчун бардык шарттар түзүлгөн. Калкты өхз ден соолугуна кам көрүүгө жана коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырам”, — деди Ишенапысова.

Количество просмотров: 108