Бүгүн, 9-апрелде карата Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталгандардын жетөөсү эркек, үчөө аялдар.
Алардын ичинен:
Бишкекте – 1
Ош облусу, Ноокат районунда – 1
Ош ш. – 3
Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1 ) – 5
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 280 адамга жетти.