Бүгүн, 5-майга карата Кыргызстанда дагы 13 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Бир сутка ичинде Бишкек шаарында — 8 учур, Нарын облусунда — 5 учур катталды», — деп билдирди ал.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 843 адамга жетти. Акыркы суткада 25 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.