• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды

2 Бугу 202010:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-майга карата Кыргызстанда дагы 13 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек жана Ош шаарында, Нарын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 769 адамга жетти. Акыркы суткада 23 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 3;
  • Ош шаарында 2;
  • Баткен облусунда 2;
  • Нарын облусунда 1;
  • Ош облусунда 1;
  • Жалал-Абад облусунда 4.
Количество просмотров: 361