• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 18 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

19 Чын куран 202010:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-апрелге карата дагы 18 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган медкызматкерлердин жалпы саны 134гө жетти.

«Коронавирусту жаңы жуктурган 18 кызматкердин ичинен Жалал-Абадда 4, Баткенде бир, Ош облусунда 5, Нарында 4 жана Бишкекте 4 медкызматкер жуктурган. Алардын 7си дарыгер, калгандары кенже кызматкерлер», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 632