Бүгүн, 24-июнга карата Кыргызстанда дагы 207 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3726 адамга жетти. Акыркы суткада 28 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 92 адам;
— Чүй облусунда 35 адам;
— Ош облусунда 28 адам;
— Ош шаарында 43 адам;
— Жалал-Абад облусунда 1 адам;
— Талас облусунда 1 адам;
— Нарын облусунда 5 адам;
— Ысык-Көл облусунда 2 адам.