Кыргызстанда дагы 23 адам коронавирустан айыкты. Алар ооруканадан чыгарылганын бүгүн, 18-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы айыккан бейтаптар:
Бишкек шаарында 20 адам;
Жалал-Абад облусунда 3 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 827 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.