• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда дагы 269 адамдан коронавирус аныкталды

29 Кулжа 2020 10:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстанда дагы 269 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5017 адамга жетти. Акыркы суткада 52 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 138 адам;

— Чүй облусунда 43 адам;

— Ош облусунда 6 адам;

— Ош шаарында 23 адам;

— Жалал-Абад облусунда 26 адам;

— Баткен облусунда 4 адам;

— Нарын облусунда 4 адам;

— Ысык-Көл облусунда 16 адам;

— Талас облусунда 9 адам.

Количество просмотров: 250