Бүгүн, 4-июнга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек, Ошшаарында жана Нарын, Ош, Чүй, Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1899 адамга жетти. Акыркы суткада 27 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган бейтаптар: