• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды

6 Бугу 2020 10:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында жана Чүй, Баткен, Жалал-Абад облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 871 адамга жетти. Акыркы суткада 14 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 16;
  • Чүй облусунда 2;
  • Баткен облусунда 4;
  • Жалал-Абад облусунда 6.
Количество просмотров: 245