• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстанда дагы 35 адамдан коронавирус аныкталды

4 Бугу 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-майга карата Кыргызстанда дагы 35 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 830 адамга жетти. Акыркы суткада 11 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 26;

— Баткен облусунда 1;

— Жалал-Абад облусунда 5;

— Чүй облусунда 2;

— Нарын облусунда 1.

Количество просмотров: 222