• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыгып чыкты

14 Чын куран 202010:12 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирустан айыгып чыккандардын саны 71ге жетти.

«Ала-Букадагы аймактык ооруканадан 4 адам үйүнө чыгарылды. Анализдин жыйынтыктары аларда оору жок экенин көрсөттү», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Количество просмотров: 127