• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды

8 Чын куран 2020 10:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында катталды. Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 270 адамга жетти.

Жаңы катталган бейтаптардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

— Бишкек шаарында 10 адам;

— Чүй облусунда 2;

— Нарын облусунда 5;

— Жалал-Абад облусунда 1;

— Ош облусунда 24 адам.

Количество просмотров: 1958