• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 439 адамдан коронавирус табылды

1 Теке 202010:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлга карата Кыргызстанда дагы 439 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5735 адамга жетти.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 195 адам;
  • Чүй облусунда 175 адам;
  • Ош облусунда 5 адам;
  • Ош шаарында 5 адам;
  • Жалал-Абад 24 облусунда адам;
  • Баткен облусунда 13 адам;
  • Нарын облусунда 10 адам;
  • Талас облусунда 12 адам.
Количество просмотров: 354