• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда дагы 66 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

9 Бештин айы 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Ош шаары – 2, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 365 бейтап, амбулатордук түрдө 347 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 851 киши айыгып чыкса, 2 миң 764 адам каза болду.

Количество просмотров: 64