• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 848 адам коронавирустан айыгып чыкты

2 Баш оона 202012:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 848 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаарында 305 киши, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 35, Талас облусунда – 42, Нарын облусунда – 43, Ысык-Көл облусунда – 132, Жалал-Абад облусунда – 155, Баткен облусунда 41 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 27 миң 274кө жетти.

Количество просмотров: 376