• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 87 адам коронавирус жуктурду

15 Кулжа 202010:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнга карата Кыргызстанда дагы 87 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2372 адамга жетти. Акыркы суткада бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 48 адам;
  • Чүй облусунда 11 адам;
  • Ош облусунда 5 адам;
  • Ысык-Көл облусунда 2 адам;
  • Ош шаарында 18 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 3 адам.
Количество просмотров: 551