• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Кыргызстанда дагы 95 адамдан коронавирус аныкталды

18 Кулжа 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-июнга карата Кыргызстанда дагы 95 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2657 адамга жетти. Акыркы суткада 32 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 49 адам;
  • Чүй облусунда 14 адам;
  • Ош облусунда 7 адам;
  • Ош шаарында 7 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 6 адам;
  • Баткен облусунда 1 адам;
  • Талас облусунда 4 адам;
  • Нарын облусунда 7 адам.
Количество просмотров: 333