Кыргызстанда дем алышта 11 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— Бишкек шаарында 2;
— Чүй облусунда 1;
— Жалал-Абад облусунда 3;
— Ош облусунда 2;
— Баткен облусунда 2;
— Нарын облусунда 1 өрт кысыгы катталган.