• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда дезинфекциялоочу кабиналар жасала баштады

2 Чын куран 2020 13:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустан сактаныш үчүн адамдарды жана автомашиналарды дезинфекциялап өткөрө турган алгачкы көчмө туннелдер жасалды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, «Steelex» компаниясынын өкүлчүлүгү мындай туннелден экини жасап чыгарды, алар штабга бекер өткөрүлүп берилмей болду.

Мындан тышкары, аталган компания COVID-19 вирусуна анализ ала турган медицина кызматкерлери үчүн атайын чакан жабык кабиналарды чыгарууну пландап жатат.

18-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус жуккан 116 адам катталды, алардын бешөө айыгып чыкты. 

Количество просмотров: 92