• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кыргызстанда эмгекке жарактуу калктын жашоо тиричилик минимуму — 9124 сом деп эсептелди

17 Теке 202419:08 Бишкек Govori.TV

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Кыргызстанда расмий эсептөө боюнча быйыл январь-апрель айларында орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түзгөн. Ал эми өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом болгон. 2024-жылдын экинчи кварталына карай, Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитетинин таркаткан маалыматына ылайык эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму — 9124 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы 7251, балдардыкы 6 892 сомду түздү. Аймактар боюнча эң көп Бишкекте (8346 сом), эң аз Чүй облусунда (7645 сом) деп эсептелди.

Количество просмотров: 198