• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү

22 Бугу 202517:15 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө эт өндүрүүнүн көлөмү өсүп, 127,1 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүнүн өндүрүлүшү өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгүдөй өсүшкө ээ болгон:

эт өндүрүү – 127,1 миң тонна (өсүү 3,0%). Ар бир облуста өсүү байкалып, малдын жана үй канаттууларынын санынын көбөйүшү негизги себеп болду;
сүт өндүрүү – 437,6 миң тонна (өсүү 1,5%). Өсүш уйлардын санынын 1,8% жогорулашы жана продуктивдүүлүктүн 16,4 кг көбөйүшү менен шартталды;
жумуртка өндүрүү – 243,6 млн даана (өсүү 11,5%). Үй канаттуулардын саны 10,6% көбөйүп, тооктордун орточо тукумдуулугу 13 даанага жогорулады.

Количество просмотров: 230