• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

2 Үчтүн айы 202314:20 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов фонограмма менен ырдоого тыюу салды. Тиешелүү буйрукка ал өткөн жылдын 30-декабрында кол койгонун мекеменин маалымат кызматы тастыктады.

«Министрликке караштуу бардык маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармония, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда имараттын менчик же ижарада экендигине карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылсын», — деп жазылган буйрукта.

Министрликтен маалымдагандай, фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт. Буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөй тургандыгы белгиленген.

Количество просмотров: 270