• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

21 Үчтүн айы 20219:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-январь күнү саат 22:01де Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 78