Бүгүн, 6-ноябрь күнү саат 13:58де Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:38де Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош шаарында 3 баллга чейин, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн айылында 6 баллга чейин, Кызыл-Кыя шаарында жана Тамаша, Орозбеков айылдарында 5 баллга чейин, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдарында, Араван районунун Араван айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.