• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынат

13 Тогуздун айы 202217:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан көмүр экспортуна тыюу салат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, январь-сентябрь айларында 178 миң 264 тонна көмүр 478 миллион 408 миң сомго экспорттолгон. Көмүрдүн тартыштыгына жана баанын кымбатташына жол бербөө үчүн экспортко тыюу салууу сунушталууда.

«Азыр Кара-Кече көмүрүн алып, каптарга салып, 20 тонналык фура менен чет жакка алып чыгып кетип жатышат. Аны токтотуу керек», — дейт Таалайбек Ибраев.

Министр көмүрдүн баасы көзөмөлдө экенин белгилейт.

«4 миң сомдон кымбат саткандарга көмүр бербейбиз. 4 миң сом менен деле жакшы пайда көрүшөт», — дейт ал.

Количество просмотров: 220