• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда күн 40 градуска чейин ысыйт

26 Теке 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн катуу ысышына байланыштуу эскертүү берди.

2021-жылдын 26-июлунан 27-июлуна чейин ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды ачык асманда алдында көп жүрбөөгө чакырат.

Количество просмотров: 314