Кыргызстандагы курулуш агенттигинин сертификациясынан өткөн көп кабаттуу үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 9 баллдан жогору жер силкинүү болсо кыйроолорго алып келет.
«Түркияда 9 баллдан жогору жер титирөө болгон. Кудай сактасын бизде 9 баллдан көп жер титирөө болсо баары кулайт. Ал эми 7-8 баллга ылайыкталып курулган үйлөр 4 баллдык жер силкинүүдө урап кала турган болсо, ким салса башы менен жооп берет», — деди ал.