• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда калктын саны 6,5 миллиондон ашты 

16 Чын куран 202016:04 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын 1-мартындагы маалыматына караганда, Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 млн. 542 миң адамга жетти.

Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери 18,5 миңден ашуун бала жарык дүйнөгө келген.

Жалпы 6,5 млн. элдин 1,367 миллиондон ашыгы Ош облусуна, 1,241 миллиондон ашыгы Жалал-Абад облусуна, 1,057 млн. ашыгы Бишкек шаарына туура келет. Ал эми Чүй облусунда 963 миң, Баткен облусунда 538 миң, Ысык-Көл облусунда 497 миң, Ош шаарында 326 миң, Нарын облусунда 289 миң жана Талас облусунда 267 миңден ашык адам жашайт.

Количество просмотров: 128