• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда карантинге жабылган мектептердин саны 240ка жетти

15 Бештин айы 2022 10:02 Бишкек Govori.TV

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстан боюнча карантинге жабылган мектептердин саны 240ка жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Чүй облусунда – 32, Талас облусунда – 111, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Ош облусунда – 12 жана Бишкек шаарында – 32 (буга чейин 8 мектеп карантинге жабылган).

Чүй облусу:

Панфилов району – 3
Жайыл району – 8
Сокулук району – 6
Аламүдүн району – 12
Ысык-Ата району –1
Кемин району – 2
Ысык-Көл облусу:

Каракол шаары – 3
Талас облусу:

Талас шаары – 10
Талас району – 30
Бакай-Ата – 23
Кара-Буура – 27
Манас району – 21
Жалал-Абад облусу:

Кара-Көл шаары – 6
Ош облусу – 12

Бишкек шаары – 32.

Белгилей кетсек, карантин учурунда окуу онлайн форматка өткөрүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.

Количество просмотров: 299