• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум башталды

10 Үчтүн айы 2021 8:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктамакчы.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган. Ал эми башкаруу формасы боюнча БШКга каттоодон өткөн «макул», «каршы» топтору да өз үгүт иштерин жүргүзүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка ылайык шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн 30дан ашуун эл аралык уюмдан, 44 өлкөдөн 400гө чукул байкоочу расмий катталган. Мекеменин маалыматына караганда, катталгандырдын басымдуу бөлүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) парламент аралык ассамблеясынын байкоочулары түзөт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башталган нааразылык акциясы 5-6-октябрь күндөрү массалык тополоң менен коштолгон. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан.

Тополоңдо бир адам мерт болуп, 50дөн ашуун киши түрдүү жаракат алган. 

Өлкөдө жаралган жагдайдан улам президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып берген. 62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган.

Количество просмотров: 48