Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус дагы 619 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында маалымдалат.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 273
Ош — 110
Чүй облусу – 99
Ош облусу — 57
Талас облусу — 7
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу – 22
Жалал-Абад облусу – 26
Баткен облусу — 20
Баардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 619
Жалпы: 109 812
Өткөн суткада 296 бейтап илдеттен сакайып чыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ыссык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 109 миң 812 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 18 киши айыгып чыкса, 1 миң 876 адам каза болду.