• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 6 учур катталды

16 Бугу 202010:05 Бишкек Govori.TV

16-май, саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 6 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 3 адам;

— Ош шаарында1 адам;

— Ош облусунда1 бейтап;

— Баткен облусунда 1 адам.

Ушуну менен республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 117ге жетти.

Количество просмотров: 241