• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 2 учур катталды

25 Жалган куран 2020 15:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында жаңы эки учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«2020-жылдын 25-марты саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Бирөөсү – 1960-ж.т. эркек киши Бишкек ш. (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-ж.т. эркек киши Чүй облусун Москва районунда (Дубаиден келген)», — деди ал.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 3 учур,
Чүй облусунда – 1 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.

Количество просмотров: 3808