Кыргызстанда 21-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 43 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 22 адам, Санкт Петербургандан келген 1 адам;
— Чүй облусунда 1 адам;
— Нарын облусунда 8 адам;
— Ош облусунда 4 адам;
— Ош шаарында 5 адам;
— Баткен облусунда 2 адам.
Коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 1313гө жетти.