Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 68 жаңы учур катталды
Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 68 жаңы учур катталды
29 Бугу 2020 10:05 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда 29-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 68 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
Бишкек ш. – 9 + 26 Россиядан келген курсанттардан
Чуй облусу — 5
Ош ш. – 2
Баткен облусу — 1
Нарын облусу — 4
Россиядан келгендерден — 21 алардын ичинен 11 боюнда бар аялдар, 10 студент
Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 1662ге жетти.