• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыргызстанда коронавирустан 17 адам айыкты

10 Бугу 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Ош шаарынан 5 жана Нарын облусу — 4, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 71 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1002 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Количество просмотров: 125