• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда коронавирустан айыккандар 783 адамга жетти

16 Бугу 202010:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 38 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 31, Жалал-Абад облусунан – 5 адам, Нарын облусунан — 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 6 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1117 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Количество просмотров: 100