Буга байланыштуу пикирди бүгүн, 28-февралда маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
«28-февралга карата өлкөдө коронавирус катталган жок. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга көзөмөл салып, мониторинг жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен байланышта болууда. Өлкөдөгү 22 санитардык-карантиндик пункттар күнү-түнү иштеп, анда 500дөн ашуун дарыгерлер нөөмөттө турушууда. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус менен жабыркагандар каттала элек. Учурдан пайдаланып, элге кайрылып, расмий гана маалыматтарга ишенүүгө чакырабыз»,-деп билдирди министр Космосбек Чолпонбаев.
Мындан тышкары, министр эл көп жыйналган жерлерге барбоо, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө, өздүк гигиена эрежелерин кынтыксыз сактоо керектигин айтып, жума намазга барган адамдардын санын кыскартуу тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кат жолдошо турганын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, 28-февралга карата коронавирустан 2 миң 856 адам каза болду. Кытайдан башка коронавирустан улам өлүм катталган өлкөлөр: Иран, Түштүк Корея, Италия, Япония, Франция, Филиппин.