• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон ачылды

21 Бештин айы 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтик сезон Чуңгурчак тоо лыжа комплексинде ачылып, маданият министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулардын катышуусу менен өттү.

Салтанаттуу ачылышта министр Нуржигит Кадырбеков келген меймандарга көңүлдүү маанай жана Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Количество просмотров: 62