Кыргызстанда 2 394 мектепте 1 млн 536 миң 633 бала билим алат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин кектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен 2 миң 170 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 224 жеке менчик мектеп болуп саналат.
“Учурда 93 миңден ашуун мугалим жайкы эс алуудан кийинки жаңы окуу жылында өз ишин баштады. 1-2-класска каттоо боюнча айта кетсек, ушул убакытка чейин региондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилген тапшырыкка ылайык, 306 миң 413 орун түзүлгөн. Анын ичинен 1-класска 147 миң 218, ал эми 2-класска 159 миң 195 орун болгон. Учурга чейин мектепке кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлүп, 1-2-класска окуучулар кабыл алынды”,- деди Сыдыбаев.