• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шакиев балдарга кыргызча ысым коюуга чакырды

11 Чын куран 202412:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 11-апрелдеги жыйында соңку учурда ымыркайларга кыргызча ысым ыйгарылбай жатканы тууралуу маселе көтөрдү.

“Кыргыздын сөздөрүн арабдаштырып же орусчалап өзгөртүп жибердик. Адам аттарын койгондо дагы кыргыз ысымдары арабча болуп жатат. Кыргыздын жакшынакай эле ысымдары барда. Бул абдан маани бере турган нерсе. Эгерде биз нукура кыргызча аттарды койбосок, анда кыргызча тилибиз эмес, аты дагы жоголуп кетет”, — деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 131