Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
«Next FM» радиосу орусиялык «Эхо Москвы» радиосун 30-майдан тартып ретрансляция кылууга укук алды. Бул тууралуу Next TV каналынын жетекчиси Таалай Дүйшембиев кабарлады.
Бир жума мурун кол коюлган келишимге ылайык 98,1FM жыштыгынан чыккан «Next FM» радиосу «Эхо Москвы» радиосунун программаларын түз алып угузат. «Next FM» радиосунун да кыргыз тилинде маалыматтар менен бирге «Азаттыктын» да үнү жаңырат.
Таалай Дүйшембиевдин айтымында «Эхо Москвы» мурун да Кыргызстанда иштеп келген, бирок расмий түрдө «Next FM» менен контракт түзүлүп иштеп баштады.
Биринчи маалыматтар бүгүн чыга баштады. «Next FM» радиосу «Talking Radio» форматында иштейт.