• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Кыргызстанда октябрга чейин жарык өчүрүлүп турат

20 Теке 202121:36 Бишкек Govori.TV

Электр энергиясы тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кыргызстанда октябрга чейин жарык өчүрүлүп турат. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчисинин орун басары Замирбек Хожамамбетов 20-июлда «Биринчи радионун» эфиринен айтты. Ал муну күз-кыш мезгилине карата даярдык деп түшүндүрдү.

Май айында «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.

Токтогул суу сактагычында жылдагыдан суу азайып, июлда 11 миллиард кубметрден жогорулай баштаган.

Количество просмотров: 878