2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 42 954 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,1 пайызга көп.
Керектөө бааларынын көтөрүлүшүн эсепке алганда, отчеттук мезгил ичинде реалдуу эмгек акы 10,2 пайызга жогорулады. Бул калктын кирешесинин өсүү динамикасы сакталып жатканын айгинелейт.
Расмий маалыматтарга таянсак, орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүү темпи экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү боюнча байкалган.
Айлык акынын эң олуттуу өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:
Ошондой эле кызматкерлердин кирешесинин өсүшү саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (22,8 пайызга) жана мейманканалар менен ресторандардын (20,3 пайызга) ишмердүүлүгүндө да байкалган.
Ошентип, 2025-жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү айлык акынын өсүшү экономиканын мамлекеттик жана жеке секторлорун камтып, комплекстүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болду