• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанда орус тилинин расмий тил макамын алып салуу сунушталды

15 Үчтүн айы 2019 12:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Курултайчылар орус тилинин официалдуу тил макамын алып салууну сунуштады.
Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өтүүдө. Талкууга коомдук-саясий күчтөрүнүн мүчөлөрү жана бир катар мурунку жогорку кызматты аркалаган инсандар катышууда.

Алардын арасында мурунку жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов катышып, сунушталып жаткан референдум суроолоруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Айрым суроолорун такыр эле алып салууну сунуштады. Алардын бири расмий тил орус тилин жою сунушун колдогон жок.

Анын айтымында расмий тилдин, эне тилдин өнүгүшүнө эч кандай терс таасири жок. Тескерисинче туура пайдаланса бир гана пайда алып келээрин белгиледи.

«Биз бир катар дүйнөлүк уюмдарга мүчөбүз. Масштабдуу жыйындар орус тилинде өтөт. Бул жагынан алганда орус тилге бөгөт коюу менен, илим билимдин өнүгүүсүнө кедерги тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул суроону такыр алып коюш керек»,-деди Осмонов.

Курманбек Осмоновдун орус тилин жою сунушуна каршы пикирине Азимбек Бекназаров түшүндүрмө берди.

«Орус тилинин эмнеге зыянын көрдүңөр дейсиңер. Азыр мен ушул референдум өткөрүү боюнча сунуштарды кыргыз тилинде жаздым. Эми каалаймынбы жокпу орус тилине которушум керек. Ким үчүн котором? Орус, англис тилдери эл аралык тил болуп кала берсин. Күнүмдүк турмушта колдонулган тил менен эне тил өнүкпөйт. Жогорку тарапта колдонушу керек»,-дейт Бекназаров.

Курултайдын резолюциясы 7 суроодон турат.

1. Кыргыз республикасынын конституциясынын жаңыланышын колдойсуңбу?

2. Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын (түрүн) колдойсуң?

3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кандай шайлоо системасын колдойсуң?

4.Кыргызстандын эли тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын аткарган ар жылдык иштери Элдик Курултайларда (Элдик бийлик) каралышын жана саясий-коомдук баа берилишин каалайсыңбы?

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын: Мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тийиштүү жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктерин (шаарлар, айыл аймактары) эли тарабынан түздөн-түз шайланышын колдойсуңбу?

6. Облустар жоюлуп, райондор менен айыл-аймактары ириленишин колдойсуңбу?

7. Кыргыз Республикасында расмий тил институтунун жоюлушун колдойсуңбу?

Количество просмотров: 40