• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанда селден коргонуу үчүн жаңы дамбалар курулат

23 Чын куран 2024 13:35 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактарында жаңы дамбалар курулат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыманап Гүлжигитов билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай чара суу ташкындарынан сактоо жана селден коргонуу максатында көрүлүүдө.

“Учурда Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде 400 метрдей дамба куруу иштери жүрүүдө. Жумуш 50-55 пайызга аяктап калды”, — деди ал.

Абдыманап Гүлжигитов мындан сырткары, Баткен, Ош, Нарын жана Чүй облустарынын аймактарында да дамба куруу пландалып жаткандыгын айтты.

“Дамбаларды куруу боюнча быйылкы жылга мерчемделген пландар ишке ашса, 6 миңден ашуун турак жай, 4 миңден ашык айдоо жана айыл-чарба жерлери ар кандай кырсыктардан корголот. Бул өз кезегинде материалдык чыгымды да азайтат”, — деп кошумчалады орун басар.

Ал ошондой эле капиталдык курулуш жана авариялык калыбына келтирүү программасынын алкагында быйыл баш-аягы 26 объектте жумуш жүргүзүү (дарыялардын жээктерин бекемдөө, дамбаларды куруу) пландалгандыгын кошумчалады.

Количество просмотров: 98