• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды

10 Аяк оона 2021 11:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Алтын айылында жалпы аянты 80 чарчы метр болгон бастырма жана 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 86